Жакында Түркиядагы «Yeniden Refah» саясий партиясы Анакара шаарында I Конгерссин өткөргөнү маалым. Ал саясый иш-чарага 35 миӊден ашуун адам катышып, көптөгөн мамлекеттердин саясый лидерлери чакырылган. Ал эми биздин мамлекеттин атынан «Замандаш» саясый партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов барып сыйлуу конок катары катышып келди. Береги тасмадан көрүнүп тургандай Түркия тарап Молдокматовду чоӊ-сый урмат менен тосуп алыптыр.

Башка өлкөлөрдүн андай сый- урматына жетиш үчүн жаш болсо да лидер катары биринчи кезекте таза көрсөтүү зарыл эмеспи. Кыязы, түрктөрдүн үлкөн саясатчылары кыргыздардын булганган далай саясатчылардан оолак болууну көздөп, бир топтордун ичинен Молдокматов тандап алышса керек. Бул жагы логикага сыя турчу маселе болуптур.

Бул иш-чара тууралуу Жеӊиш мырза өзүнүн социалдык баракчасына төмөнкүлөрдү жазды:

Түркиядагы «Yeniden Refah» саясий партиясынын лидери, Туркиянын экс-премьер министри Necmettin Erbakanдын уулу Dr.Fatih Erbakan мырзага жана Осмон империясынын эң күчтүү султанынын бири Султан Абдулхамид II нин небереси Абдулхамид Кейихан Османоглу мырзага жана кыргыздын чыгаан уулу Махамат уулу Зикруллого «Yeniden Refah» саясий партиясынын I Конгрессине чакырып, көрсөткөн сыйы үчүн терең ыраазычылык билдирем жана келечекте албан ийгиликтерди каалайм!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here