Банктардын биринин Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты. Айрым маалыматтарда эки киши курал менен «Экоислам» банктын филиалдарынын бирине кирип келип, жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап, кассадагы акчаны алып изин жашырып кеткени айтылууда. Азырынча алар алып кетишкен акчанын суммасы азырынча белгисиз.

Учурда кылмышкерлерди кармоо үчүн «Перехват» планы жарыяланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here