ИИМдин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-ноябрь күнү ведомствонун Коррупцияга каршы кызматына бишкектик аял кайрылган. Ал Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматында иштеген киши күйөөсүнө мурда козголгон кылмыш ишин үй-бүлөнүн пайдасына чечип берүү үчүн үч миң доллар пара талап кылып жатканын айткан.

«23-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте шектүүнү колго түшүрүү боюнча иш-аракет жасалган. Натыйжада аталган кызматтын жетекчиси, милициянын полковниги Н.Б. талап кылган акчанын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат билдирүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here