Кыргыз маданиятын, өзгөчө музыка багытын кыргыз мамлекеттик Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайысыз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби, аталган окуу жай мындан туура 80 жыл мурун түптөлүп, кыргыз музыка, искусствосунун көч башы жана очогу болуп  калганы эч бир талашсыз. Мына ушул айдын 25-ноябрь күнү саат 12:00дө аталган окуу жайдын 80 жылдык салтанаттуу мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда  белгиленгени турат. Биз мына ушул маданий иш-чара жана музыкалык окуу жайдын кечээ, бүгүнкү ахыбалы, тарыхы тууралуу Кыргыз эл артисти, директору Тентимиш Мураталиев байкебиз менен маектештик.

—Тенти байке, алгач окурмандарга өзүӊүз жетектеп жаткан окуу жайдын тарыхы, кыргыз маданиятындагы орду тууралуу пикириӊизди айтып берсеӊиз?

—Кыргызда: “Сөз чынынан бузулбайт”- деген жакшы кеп бар. Жасалгалап, түзөбөй чынын айталы, кыргыз музыкасынын атасы аталган Мураталы атабыздын атын алып жүргөн биздин окуу жайдын 80 жылдык мааракеси жеке эле биздин окуу жайдын майрамы эмес, бүтүндөй кыргыз маданиятынын, кыргыз музыкасынын  чоӊ майрамы деп айтсам эч жаӊылышпайм. Анткени, биздин окуу жай бардык музыкалык окуу жайлардын көч башында турат. Тарыхына кыскача токтолоюн. 1939-жылы Москвада Кыргызстандын биринчи маданият  декадасы өтүп, ошол маданий чоӊ иш-чарада  кадр маселеси  оор болуп, кыйынчылык жаратканы кызуу талкууга алынган. Мына ошол декададан кийин, тактап айтканда, 1939-жылдын 23-октябрында музыкалык окуу жайды түзүү чечими кабыл алынган. Ал кездин талабы боюнча кесипкөй музыканттарды даярдоо керек болгон. Биринчи ырдоо бөлүмү, фортепиано, үйлөмө  аспаптар бөлүмү менен музыкалык окуу жай, ошондой эле окуу жайдын балдар музыкалык мектеби ачылсын деген токтом чыккан. 1940-жылы окуу жайга алгач 26 эле студент кабыл алып, окутуп башташкан. Ал студенттердин арасында кыргыздын кыйын чыкма композиторлору Сейдалы Медетов, Насыр Давлесов, Веленчик баштаган таланттуу инсандары болгон. Медетов менен Давлесов экөө ушул окуу жайда Күрөӊкеев атындагы стипендияны алып окушкан.

—Окурмандар үчүн  ушул куттуу окуу жайды бүтүрүп, кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек кылган инсандарды аттарын атай кетпесек болбос…

—Абдан туура. “Аты аталса, куту сүйүнөт” дегендей,  бул алтын уядан жогоруда айттык, Медетов, Давлесов, Артык Мурзабаев, Асанкан Жумакматов, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтахунова, Э. Жумабаев, С. Бекмуратова, С. Чоткараева, Ч. Кожомжаров, Аскар Тезекбаев баштаган алп таланттардын тизмесин дагы да улап айта берсек абдан көп. Баарын айтсак, гезитиӊе батпай калат.

— Мына ушул биз сыймыктанып айтып жаткан окуу жайдын союз мезгилдеги жана  азыркы жалпы абалын айтып берсеӊиз?. Маселен, кадр, жамаат, билим берүү сапаты,  алтын уяда окуган студенттердин саны ж.б.

  Мен бул окуу жайга директор болуп  1986-жылы дайындалгам. Мен келгенде бул окуу жайдын жалпы жамааты 140тан ашуун эле. Ошончо адамдын ичинде болгону 12 эле кыргыз мугалими бар болчу, калганы бүт орус улутундагы мугалимдер эле. Мени ушул маселе абдан түйшөлтчү. Акырындык менен кыргыз мугалимдердин санын көбөйтүүгө басым жасап олтуруп, 1991-жылы 30га жеткирдим. Азыр жамаатыбыздын жалпы саны 85тин тегерегинде. Жамаатыбыз менен абдан сыймыктанабыз. Алардын айрымдарын атай кетейин. Маселен, Сатылганова Венера Абакуловна бизде көп жылдан бери эмгектенип жүрөт. Бир топ жылдан бери  “Делфин оюндары” эл аралык сынагында мүчө болуп келатат. Аталган сынактын деӊгээли жыл өткөн сайын чоӊоюп, баркы артып жатат. 2013-жылдары биздин Жазгүл Ибраимова деген студентибиз ошол сынакка катышып  алтын медаль утуп келген. Жазгүлдү жакшы билесиӊер, Мыскал Өмүрканова  тууралуу кинодо атактуу ырчынын жаш кезин мыкты аткарган. Үнү да окшош.  Мына ошол Венерабызга эмдигиче мамлекет тарабынан наам берилбей келет. Анын окуучусу Айганыш  Текенова учурда консерваторияда эмгектенет.  Ал эмгек сиӊирген наамды эчак эле алган. Бирок анын устаты Сатылгановага эмдигиче берилбей жатканы калыстык болбой турат. Венерадан  кем калышпаган Кудушева Наталья Григорьевна, Шевчук Ириналар дагы татыктуу болсо да эмдигиче наам  берилбей келатат. Алымкулова Асмат, Белеков Абдыкадыр, Жусурова Айсалкын, Орунтаев Табылды, Карагулова Рыскүл айтор баарын айта берсек абдан көп. Эстрада бөлүмү 1986-жылы ачылган. Ошондон бери далай устаттары иштеди. Убагында Жамиля Муратова, Ырыскелди Осмонкуловдор да эмгектеништи. Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева болсо бизде бир топ жылдан бери үзүрлүү эмгектенип жатат.

Айлык маселеси жетиштүүбү? Себеби, маданият ишмерлеринин айлыгы абдан аз экени айтылып, көп жылдан бери эле жакшы жолго коюлбай келатпайбы?  Талапка жооп береби?

—Талапка жооп берип калды десек болот. Себеби,  өткөн жылы сентябрь айында айлык дээрлик 2 эсеге чейин көтөрүлдү. Мурун 5500 сом алгандар азыр 11500 сом, 11 миӊ алгандар  азыр 25 миӊге чейин алып калышты. Айлыкты көтөрүп беришкени бизге чоӊ  дем берип, ишке болгон жигердүүлүктү күчөттү. Чынын айтканда бизде иш абдан оор. Себеби, биз ортодо эки чынжырды бириктирип, улап турган негизги күчпүз десек болот. Эмнеге дегенде, бала кезинен татынакай тарбиялап, жетиштүү билим берип, эрезеге толук жеткен кезде чоӊ окуу жайга келечектеги даяр кадр катары өткөрүп беребиз. Бул айтканга жеӊил болгону менен иш жүзүндө абдан оор.

—Студенттер музыканын канча багыты боюнча билим алышат?

 —Биздин окуу жайда 9 багыттагы бөлүм бар. 9 бөлүм дегенибиз менен  анын ар бири мындайча айтканда 90го чейин бөлүнүп кетет. Мисалы, үйлөмө аспаптарды алалы:  турба, флейта, габой ж.б. Даярдоо курсунда 25 бала окуйт. Аларды кошкондо биздин окуу жайда 400гө жакын бала билим алат. Баары теӊ бюджеттик негизде окушат. Бирок баары эле  оӊой окуп калышпайт. Бизде тандоо, сынак чоӊ  деӊгээлде болот. Ошол сынактардан ийгиликтүү өткөндөр гана андан ары билим алышып, талантын таптай алышат.

-Алтын уядан учкан атагы алыска кеткен инсандарыбыз абдан эле көп экени талашсыз да…

-Ооба.   Жалпысынан алганда 80 жылдын ичинде биздин окуу жайда  5 миӊден ашуун адистер,  Калый Молдобасанов баштаган СССРдин   беш эл артисттери,  100гө жакын  Кыргыз Респуликасынын эл артисттери, 50дөн ашуун  Эмгек сиӊирген артисттер жана ишмерлер, 200дөн ашык Эл аралык жана республикалык конкурстардын лауреттары  билим алышып, тарбияланып чыгышкан.  Мына ошончо ушунча инсандарыбыз кыргыз маданиятынын тарыхын жаратууга эбегейсиз салым кошту. Мындан ары дагы кошо бермекчи…

—Эми окуу жайдагы чечилбей келаткан көйгөйлөр тууралуу айтсаӊыз?

—Бул имаратыбыздын салынганына 80 жыл болду. Ошондон бери  1986-жылы мага чейинки директор Жумалы Момункулов оӊдоо иштерин баштаган,  мен аягына чыгардым. Андан кийин Акаевдин тушунда бир ирет толук болбосо да оӊдолгон. Акыркы жылдары маданият министрлигинин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жыртык-тешигин бүтөп, сыртын, ичин иретке келтирип келатабыз. Негизи дагы эле көп жерин оӊдосок жакшы эле болот эле. Себеби, барган сайын эскилиги жетип баратпайбы.

   Мындан тышкары, окуу жайыбыздагы музыкалык аспаптарыбыз абдан эскирди. Бирин-экин  жаӊыртканыбыз менен ал жетиштүү болбойт. Музыкалык аспаптарды алуу үчүн Японияга долбоор жазганбыз, бирок тилекке каршы ал сакта цунами болуп кетип, бизге жардам бере албай калышты. Акыркы 15 жылда эл аралык долбоорлордун негизинде 70 миӊ долларга бир роял  (Сабира Турсункулованын жардамы менен) алдык. Жалпылап айтканда, биздеги аспаптарды жаӊыртууга миллион доллар керектелет. Ал маселе чечилбеген соӊ, эски-ускубузду жамап-түзөп колдонуп келатабыз. 80 жылдык мааракесине карата министрлик 250 миӊ сом бөлүп берди эле, анын баарына биз концерттик кийимдерди тиктирип,  окуу жайдын 80 жылдык тарыхы жазылган  китебибизди чыгарып алдык.

—Эми  маек соӊунда 25-ноябрда белгилене турган мааракенин программасы  тууралуу уксак…

—Мааракебиз улуттук филармонияда өтөт. Каалоочулардын баарына эшик ачык. Окуу жайдын тарыхы тууралуу кыскача даректүү тасма  көрсөтүлүп, президенттик  аппараттан, өкмөттөн, Жогорку Кеӊештен келген ардактуу конокторго сөз берилет. Андан соӊ мыкты программада даярдалган концерт болот. Самара Токтокунова, Роза Аманова, Дүйшөнбек Закиров, Нурлан Насип,  айтор көп ырчыларыбыз өз таланттарын тартуулашат…

                                                                Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here