24-ноябрда саат 23:50 чамасында Суусамыр өрөөнүндөгү унаа кырсыктан беш адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бишкек—Ош унаа жолунун 163-чакырымында болгон кырсыкка «Мерседес-Бенц Спринтер» жана «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаалар катышкан. Анын кесепетинен 4-5 жаштагы эркек бала жана 3 аял каза болуп, 11 адам жабыркаган. Жабыркагандардын үчөө жаш балдар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here