Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул маалыматты Сулайманов өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

Урматтуу мекендештер, Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем.
Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем- деди ЖК депутат Алтынбек Сулайманов.

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышуу депутаттык комиссия түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here