Учурда Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы митинг өтүп жатат. Аянтта чогулган адамдардын саны 1000ге жакындап калды. Митингдин катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.


Ошондой эле бийликтен коррупцияга каршы чара көрүшүн талап кылып жатышат.

https://www.youtube.com/watch?v=f5Axq79bhug&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2YHCruijJfIoFSUymCSAs-Wz3d9vM6utKPGCEYyI1E0E7Vi_XJhv2xM_E

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here