Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, анын ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу үчүн чечен тарап менен сүйлөшүү жүрүп, бирок бул боюнча соодалашуу эмне үчүн бүтпөй калганы тууралуу маалымат ачыкка чыкты.

Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколунда сөз болгону Интернетке чыгып кетти. Анда Алмазбек Атамбаев сурак протоколуна жооп берген эмес. Ал эми Шамил Атаханов УКМКнын төрагасы болуп турганда ага мамлекет башчысы Жаныш Бакиевди алып келүүнү тапшырып, бирок анын мыйзамдуу жолдору калбай калгандыктан атайын операция уюштуруу маселеси келип чыкканы тууралуу көрсөтмө берген. Айрым саясатчылар муну жеке кызыкчылыкты жашырууга багытталган, ойдон чыгарылган шылтоо катары карашса, атайын кызматтын айрым отставкадагы генералдары эгерде чынында эле ошондой операция уюштуруу планы болсо, анда анын мыйзамсыздыгын жана бул эл аралык чырга алып келчү коркунучтуу авантюра экенин белгилешти.

Атахановдун беттештирүү учурунда берген көрсөтмөлөрү
Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошоткон кылмыш ишинин алкагында Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын операция даярдаса болорун, бирок ага акча керектиги тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кабардар кылганын айтып, тергөөгө көрсөтмө берген. Атаханов 2011-жылы Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен Бишкекке келип, мурдагы президенттин уруксаты менен ал аны менен жолугушканын айткан. Андан соң тараптар кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуш үчүн ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу жагы макулдашылганы белгиленген. Шамил Атаханов Жаныш Бакиевди алып келүүгө кепилдик алыш үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Рамзан Кадыров менен да сүйлөшкөнүн кийин ага Адам Делимханов айтып бергенин кошумчалаган.

«Ишке ашпаган авантюра»
— Атаханов өзү ушунун бардыгынын жоопкерчилигин мойнуна алып, өзү жасай албайт болчу, — деди ал. — Бул жерде бардыгы Атамбаевдин буйругу менен анын түздөн-түз көзөмөлүнүн астында жүрдү. Батукаевди бошотууга мамлекеттик машинени ишке салууга Атахановдун жалгыз алы келмек эмес. Булардын планы ишке ашып, Рамзан Кадыровдор Жаныш Бакиевди уурдап алып келе турган болсо, анда ошондо эле чоң эл аралык жаңжал чыкмак. Демек, бул план чын болсо, анда алар өтө чуулгандуу авантюрага камынган экен. Соттун өкүмү жок эле, мыйзамсыз түрдө Жаныш Бакиевди ал жактан уурдап келип же болбосо көзүн тазалоо аракети болсо, бул эл аралык чыр-чатакка алып келчү, мамлекеттик деңгээлдеги киши өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш да. Рамзан Кадыров деген Орусиянын бир субъектисинин жетекчиси. Анан аны ортого салып, ошонун күчү менен Жаныш Бакиевди Минскиден уурдап чыгып алып келсе же ал жактан тындым кылышса, анда эле биз Кыргызстан мамлекет катары эл аралык коомчулуктун астында шерменде болмокпуз. Аны укуктук негизде Кыргызстанга кайтаруунун башка толтура мыйзамдуу жолдору бар болчу. Бирок ошол кездеги Атамбаевдин бийлиги ага ынтызар болуп, натыйжалуу аракет кылган эмес.

Ошондой эле генерал-майор Марат Иманкулов бирөөнүн көмөгү менен чет жерден адам уурдоону уюштурууга байланыштуу операция атайын кызматтын ички жобосуна, мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге сыйбай турганын, мындай аракет кылмыштуу бийлик режимдерине гана таандык экенин кошумчалады.

Кызыкчылыктардын аралыгы
Ошол эле кезде мурдагы президентти колдоп келген «Жаңы жүздөр» гезитинин баш редактору Лейла Саралаева Алмазбек Атамбаевде кримтөбөл Батукаевди бошотуш үчүн жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып, аны Жаныш Бакиевди алып келип, сот жообуна тартууга кызыкчылыгы болгонун билдирди:

— Атамбаевди азыр «Батукаевди бошоткону үчүн ал чоң акча алган» деп айыптап жатышкандай анда кандайдыр бир жеке кызыкчылык болгон эмес. Бул жерде башка мамлекеттердин кызыкчылыгы жана биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгы турган. Ошондуктан Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу жагын келишкен болсо керек. Маалымат чыгып кетип, анан бул операция үзгүлтүккө учураган. Мына ошол учурда бийлик Жаныш Бакиевди алып келип, мыйзам алдында жазалоого кызыкчылыгы болгон. Аны эми чечендердин жардамы менен болсо да ишке ашыруу жагы каралган болушу мүмкүн. Анткени максатка жетиш үчүн бардык каражаттар жакшы.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо тобу менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткен. Ички иштер министрлиги 2019-жылдын башында бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. Бул боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон онго чукул кызмат адамдарына жана дарыгерлерге айып тагылган.

Булак:Азаттык.




ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here