Маалым болгондой интерент айдыӊында, соцжеледе РАИММИЛЛИАРДга, анын калкалап жаткан бийлик төбөлдөрүнө каршы эртеӊ миӊдеген адамдар Ала-Тоо аянтына тынчтык митинггине чыгуу маселеси айтылып баштаганда, бийлик баягы болбогон шылтоосун сатылма соттору аркылуу токтом токута салды. Анда сот 1-декабрга чейин Бишкектин борбордук аянтында митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салганы айтылат. Маалыматта: Биринчи Май райондук соту 13-ноябрда эле кабыл алганы жазылган.

Акимиат 1-декабрга чейин тынчтык акцияларын Щербаков жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде өткөрүүнү сунуштаган.

Натыйжада ишти караган судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын «Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө жөнүндө» чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.

Акимчилик сотторго мындай өтүнүч менен кайрылган:

Практика көрсөткөндөй, мындай акцияларды уюштурган адамдар чогулган элди башкара албай калууда. Митингге келгендер автоунаа жолуна чыгып, жөө адамдар жүрчү жолдорду тосуп тоскоолдук жаратышат. Соңку учурда болуп жаткан көп сандагы мөөнөтсүз акциялар борбордук аянтта жүргөн шаардыктардын жана коноктордун тынчын алып, кооптуулук жаратууда.

Бул бийлик ошол Бишкек шаары эле эмес бүтүндөй Кыргызстан эли РАИММИЛЛИАРД дегениӊерди к=ргүсү келбей, аны жоопко тартууну талап кылып турганы дагы да болсо түшүнбөй, түшүнгүсү да келбей турат.

Ошондой эле 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары менен келери, ал эми 28-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин саммити болору себеп болгону да баяндалат.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here