Кыргызстан жеңил автоунааларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн ыңгайлуу калькулятор иштеп чыкты. Бажы төлөмү боюнча жаңы эреженин электромобилдерге тиешеси жок экени мурун эле айтылган. Быйыл 31-декабрда Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларга болгон бажы төлөмүн жеңилдетүү мөөнөтү бүтөт. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автоунаалар бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизиле баштайт. Кыргызстандагы эң көп айдалып келткан 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, тагыраагы, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

Буга чейин өкмөттүн токтому аркылуу бензин, дизель менен жүргөн автоунааларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унааларга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларга дейре бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилмек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here