Бийлик «Азаттыктын» иликтөөсүнө эмдигиче ак же көк дей албай олтурат. Ал ортодо бул иликтөө далайлардын оозун Ошту каратып, катуу талкууга түштү. Ошондой эле Жогорку Кеӊеште Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн комссиянын курамы элдин бир чети кыжырын, бир чети күлкүсүн келтирди. Эмнеге дегенде ал курамда Саймаитини «кол бала» кылып миллиондордун анын атынан атасынын фондуна котортуп келген РАИММИЛИАРДдын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана Саймаити менен кайсы бир деӊгээлде жакын тааныштыгы, кызыкчылыгы болгон деп айтылып жаткан Алтынбек Сулайманов да бар. Бул комиссияга мүчө болуп кирген «Ата Мекендин» лидери Алмамбет Шыкмамамтов намыстанып кеткенби, айтор ал бүгүн комиссия курамынан И. Матраимовду чыгаруу талабын кое турганын айтып чыкты. Ооба, бул жакшы. Бирок ушул кеп-сөздү комиссия түзүлүп жатканда бир да депутат жеткиликтүү айта албаганы кыжырыӊды келтирет. Эми иликтөө жарыялангандан кийин айрымдары жандана түшүптүр. Буга да шүгүр дей туралы. Бирок бир айтабызбы, эки айтабызбы, депутаттук комиссиянын иликтөөсү талапка ылайык болбойт.

Убактылуу комиссияга ар бир фракциядан депутаттар кирди. Алар:

  • КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев жана Искендер Матраимов.
  • «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов жана Талант Мамытов.
  • «Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешев.
  • «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынан Тынчтык Шайназаров.
  • «Бир Бол» фракциясынан Алтынбек Сулайманов.
  • «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.

Жалпысынан комиссиянын түзүлүшүн колдоп 85 депутат «макул» деп добуш беришкен.

Анан ошондой курамдагы комиссиядан кандай жыйынтык күтсө болот? Деги эле парламентте буга чейин миллион комиссия түзүлүп, алардын басымдуусу аягына чыкпай, чыкса да таасирдүү адамдардын пайдасына чечилип келгени ырас. Бул комиссиянын изи деле ошол маселеге барып такалат. Анткени, бул Саймаити чуусу түз эле РАИММИЛИАРДдан өтүп барып, президент Жээнбековду «жакалап» турат. Себеби түшүнүктүү. Саймаитинин «кол бала» кылып иштетип келген Хабибулла Абдукадырдын Жээнбековдун инаугурациясында отурганы тасмада бакыйып көрүнүп турат. Анын оң жагында президенттин агасы Жусупжан Жээнбеков, сол жагында отурган президенттин эжеси экенин жазып чыгышты. Андай тарыхта калчу чоӊ салтанатка чоочун адамдар эзели киргизилбейт эмеспи. Бул жерде да сыр түйүнү толук чечиле элек…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here