Бүгүн Бишкекте кант диабетин алдын алуу жана дарылоодогу социалдык өнөктөштүк маселесине арналган жыйын өтүп, ага бийлик өкүлдөрү жана коомдук уюмдар катышты.

Жыйындын жүрүщүндө аталган ооруга чалдыккан адамдардын саны 240миӊдей болору айтылды.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев белгилешинче, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бирок бул сан 3-4 эсе көп болушу ыктымал.
“60 миңди болжол менен төрткө көбөйтсөк, 240 миң адам бул оорунун тигил же бул формасына чалдыккан деп айтсак болот”, — деди Каратаев.



ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here