Кыргыз эл артисти, Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру Бакыт Тилегеновдун узак жылдан бери кыргыз маданиятына, анын ичине музыкасына кошуп келаткан салымы төө көтөргүс экенин элибиз жакшы билет.

Тилегенов байкебиз бир топ жыл эмгектенип Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин бийик деӊгээлге чыгарып, элдин урамат-сыйына, алкышына татыган. Андан соӊ, тактап айтканда 10 жыл мурун Эл аспаптар оркестрин негиздеп чыгып, бүгүнкү күндө бул оркестрдин деӊгээлин республикага эле эмес, эл аралык деӊгээлге чыгарган бирден бир дирижёр экенин эч ким тана албайт. Бул айтылган сөзгө далилдер, зор эмгектер жетиштүү.

Мына ушул оркестрдин түптөлгөнүнө быйыл туура 10 жыл болуптур. Бул мезгил айтканга жеӊил болгону менен, иш жүзүндө абдан эле көп убакыт, көп мээнет. Ушул мааракенин урматына Эл аспатар оркестри эртеӊ, 22-ноябрда Т. Сатылганов атындагы улуттук филорманияда отчёттук концерт бергени турат. Элибиздин сыймыгына айланган айтылуу дирижёр агабыз Chagylgan.kgге мына ушул концерт жана оркестрдин он жыл ичиндеги чыгармачылыгы, эмгектин бааланышы ж.б. маселелер боюнча маек куруп берди

Жалпыга маалым болгондой кечээ күнү улуттук филорманияда советтик музыканын легендасына айланган айтылуу композитор Александра Пахмутованын 90 жылдык мааракесине арналган концерти абдан ийгиликтүү болгонун Кыргыз эл артисти, Эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру Бакыт Тилегенов айтып берди. Себеби, атагы алыска кеткен Пахмутованын филормонияда өткөн концерти аталган оркестрдин күчү, эмгеги менен өткөрүлгөнүн баса белгилеп кетели

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here