Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген. Тактап айтканда 11 пайызга көтөрүлөрүн айтылган. Аны менен бирге ЕЭКтин курамындагы, өзгөчө Россиянын өндүргөн машинелери Кыргызстанга көп кире турганы божомолдонууда.

Кечээ, 19-ноябрь күнү, Москва шаарында өткөн кезектеги жыйында ЕЭК кеңеши кыргыз өкмөтүнүн сунушун кабыл алынган жок. Өкмөттүн маалымат кызматы да: «Кыргызстанга жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу демилгесин ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок.»- деген маалымат таратты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here