16-ноябрда  саат 12.30дар чамасынды Ошто отун араалап жаткан киши бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматта: «62 жаштагы У. Я. өзүнүн бакчасындагы бактарды бутап, отун жарып жатып. чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган. Келген медиктер анын өлүмүн каттоого алганга гана жетишкен», — деп айтылат.

Маркумдун жакындары эч кимге нааразычылыгы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here