—Нарынбек Молдобаевич, шайлоо боюнча кабыл алынган жаӊы мыйзамга, анын 9 пайыздык босого эрежесине кандай көз караштасыз?

—9 пайыздык босого чынында абдан чоӊ көрсөткүч. Буга чейинки 7 пайыздык босого болгондо кандай оор сыноо болуп, далайлар парламентке өтпөй калышканын бийлик да, эл да жакшы билет. Кыргызстанда жалпысынан 3 миллионго чукул шайлоочу болсо, анын ичинен шайлоого катышып, добуш бергендердин саны 1 миллион 300 миӊден 1 миллион  500 миӊдин тегереги болуп келатат. Ошол 1 миллион 300 миӊдин 9 пайызы 180 миӊ адамдын добушу. Анча добушту талапкер партиялардын алышы абдан оор.   Бир мандат 9 миӊ адамдын добушу болгондо, 180 миӊ добуш 20 мандат болот. Азыр мындан көбүрөөк кылып эсептеп жатышат. Бирок негизги эсеп ушундай. Мисалы, Нарында 100 миӊ добуш бар дейли. Ал жерге шайлоо учурунда 15-20 партия барат. 100 миӊ добушту 20га бөлсөк 2 миӊден тийет. Бийликтин партиялары көбүрөөк алышат, ошондо калгандары 500, 1000ге чейин эле добуш алышат. Таласта шайлоочу Нарындан да аз. Мына болгон картина. Кыскасы, 9 пайыз менен абдан эле оор болот.  

Чындап эле бийлик   шайлоонун босогосун 9 пайыз кылып койсо, анда кийинки чакырылышка жалаӊ бийликке чукул, акчалуу адамдар келип калат. Бул жагы турган иш. Ал эми акчасы жок, бийликтен алыс, чындыкты бетке айткан, билимдүү, талантуу адамдардын тобу шайлоого катыша албай калат. Катышкан күндө да  байлардын  көлөкөсүндө калып, жеӊишке жетишпейт. Андай таза адамдарга да бир топ адамдар өз добуштарын беришет. Бирок 9 пайызга жетпеген соӊ, парламентке өтпөйт. Ошондуктан далай шайлоочулардын үндөрү, талаптары парламентте угулбай калат. Мындайча айтканда бийликтин   мындай кадамы жалпы элге каршы жүргүзгөн саясат болуп калат.

Эми мисалдарды алалы. 9 пайыздык босого дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жок. Бизден чоӊ, биз менен элинин саны теӊ мамлекеттерде да мындай практика колдонулбайт. Мисалы, Россияда да 9 пайыздык эреже  жок. Германияда шайлоонун босогосу болгону 3 пайыз. Биз алдыга  жылып, өнүгүп, өсөлү  десек, мындай опурталдуу кадамдарга барбашыбыз керек. Чынында 9 пайыздык босогону азыр бийлик анан акчасы барлар гана каалап жатпаса, дээрлик көпчүлүк сынга алып жатпайбы. Керек болсо учурунда ошол 9 пайызды колдоп добуш берген депутаттардын көбү да өкүнүп, 5 пайыз колдоп башташты. Айрым депутаттардын тобу шайлоо боюнча өз  сунуштарын айтып жатышат. Ошолордун ичинен бизге ылайыктуусу да бар. Маселен, 115 мандатты шайлоодон өтүп келген талапкерлерге, калган 5 мандат бир топ добуш алып, босогого бир аз жетпей калгандарга берилсин деген сунушту туура көрдүм. Мисалы, өткөн шайлоодо “Эмгек” партиясы 6, 4 пайыз алып 7 пайызга бир аз гана жетпей калбадыбы. Ушул сыяктуу партияларга 5 мандат берилсе, аларга добуш берген элдин үнү, талабы Жогорку Кеӊеште  угулуп турмак.

—Бул боюнча өзүӊүздө кандай сунуш бар?

—Мен жогоруда айтылган 5 мандат боюнча сунушту колдомокмун. Андан тышкары, шайлоодон утуп келип, көпчүлүк коалиция түзүп, өкмөттүн курамы түзүлүп жаткан учурда, бир топ добушка ээ болуп, бирок  босогого бир аз жетпей калган партиялардын ичинен татыктуу талапкерлерге кызмат берип иштетсе жакшы болмок. Муну мен өзүм үчүн айтып жаткан жокмун. Калыс болсо деп жатам. Андай партияларга добуш берген элдин үнү, талабы парламентте болбосо да өкмөттө угулуп турмак да…

—Бийлик элдин ушундай сындарынан кийин 9 пайыздык босогону азайтып, шайлоо мыйзамын өзгөртөт деп ойлойсузбу?

—Өзгөртүшү мүмкүн. Мен буга ишенгим келет. Анткени, 9 пайыз деп киргизген жаӊы мыйзам 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Бул жөнөкөй мыйзам эмес да, Конституциялык мыйзам. Баары 1-январды күтүп жатышат. Ал учур келгенде бир топ сунуштарды айтышат. Бийлик 9 пайызга каршы болгондорду эске алып, шайлоо босогосун 5 пайызга чейин түшүрүшү мүмкүн. Себеби, азыр 5 пайыздык босогону көпчүлүк абдан баса белгилеп колдоп жатышпайбы. Эл деген эл да. Элдин талабын эске албаса, арты жакшы болбосун бийлик жакшы билет. Бизде бир ууч саясатчылар элди козутуп, алардын аркасы  менен мансапка  ээ болуп келген   убактарды баарыбыз жакшы билебиз. Ошол эле саясатчыларды шайлоо учурунда тынч жатат деп ким кепилдик бере алат. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Баардык чырдын, баардык бийлик алмашуунун себеби дал ушул шайлоо маселеси болуп келбедиби,  бул бийлик ошол өткөндөгү өткөөл мезгилдерден сабак алып, келечекте андай опурталдуу кадамдарга жол бербеши керек.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here