Жогорку Кеӊеште эки ирет депутат болуп, башка кесиптештерине караганда өзүнүн активдүлүүгү, бай тажрыбайсы, акыл көрөӊгөсү менен бир топ айырмаланган белгилүү саясатчы Нарынбек Молдобаев Сhagylgan.kgнин суроолоруна жооп берип, кийинки шайлоого катыша турганын ачыктады.

Нарынбек Молдобаевич, сиз буга чейин  эки чакырылышта депутат болдуӊуз. Кийинки шайлоого катышуу ниетиӊиз барбы?

—Мен азыркы чакырылыштын депутаттарынын деӊгээлдерин, кабыл алып жаткан мыйзамдарын, элдин  аларга кандай ат коюп атап жатканын, кандай баа берип жатканын, айтор баарын көрүп олтуруп, “кой шайлоого катышалы, болгон билимди, тажрыйбаны колдонуп, мамлекетке аздыр – көптүр пайдабызды келтирели” – деген ойго жетеленип турам.  Эл жаштар барсын деп жатпайбы. Жаштар да барсын. Аларга эч каршылыгым жок. Бирок кийинки парламенттин депутаттарынын деӊгээли бийик, сапаты мыкты болсо деген тилегим бар. Ошондой  депутаттарды шайлоого ар бир жаран милдеттүү жана укуктуу.  Ал үчүн баарыбыз аӊ-сезимди өзгөртүп,  мекенчил болушу зарыл. Бизге мына ушул нерсе жетпей турат. Биз да учурунда депутат болуп, элге пайдабызды тийгизгенге аракет кылдык. Бирок жасалбай калган, жазылбай калган иштер, мыйзамдар али көп.  Жаш эмеспиз, турмушту да, чоӊ саясатты да көрдүк, шайлоого катышып, бир ууч топко кызмат кылбай, калыс сөзүбүздү айтып  турсакпы деген ниет бар, калганын мезгил көрсөтөт да.

ир партия менен катышуу ийгиликке алып келбей калбадыбы…

-Биз өткөн шайлоодо  “Эмгек” партиясы менен ат салышып, маарага бир аз гана жетпей калганбыз. Азыр мен бул партиянын лидеримин. Бирок ал партиянын негиздөөчүлөрү, кожоюндары Аскар Салымбековдор. Чынында бир партия менен шайлоого ат салышуу абдан оор болот. Ошондуктан,  түндүк-түштүктөн күчтүү партиялар менен биригип, калыстык менен иш кылсак, ийгиликке жетебиз деген ойдомун.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here