Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди. Ал ажого мындайча кайрылган: “2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумушса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор ахывалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн.”  Жээнбеков азырынча Жапаровго жооп бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here