Гонконгдогу башаламандыктан улам акыркы эки күндө Гонконг шаарынан Кыргызстандын 27 студенти учуп кетти. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми калган студенттер 21-22 ноябрда учуп келет.

Быйыл июнь айында бийлик экстрадиция боюнча мыйзам долбоорун сунуштагандан кийин Гонконгдо массалык башаламандык башталган. Андан бери 3 миң киши кармалып, 1,5 миң киши түрдүү жаракат алган. 400дөн ашык полиция да жабыркаган. Гонконгдун бийлиги мыйзам долбоорун чакыртып алган, бирок каршылык акциялары токтогон эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here