Бишкектин Свердлов райондук милициясы Чыгыш-5 кичирайонундагы мушташка катышкандардын ким экенин аныктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

https://www.instagram.com/p/B5Cp_3xFzVg/

Ыкчам иликтөө иштеринин аркасы менен бир күндүн ичинде мушташка катышкандардын аты-жөнү белгилүү болгон. Алар:

— 2001-жылы туулган А.Б., Бишкек шаарынын тургуну;

— 2001-жылы туулган Б.Б., Бишкек шаарынын тургуну;

— 1998-жылы туулган Ж.Б., Нарын облусунун тургуну;

— 1997-жылы туулган У.К., Нарын облусунун тургуну;

— 2001-жылы туулган Э.Н., Жалал-Абад облсунун тургуну;

— 2001-жылы туулган Т.А., Жалал-Абад облусунун тургуну.

Учурда Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүргүзүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here