Эми үч эмдерге 50 миӊ сом жөлөк пул берилет

Өкмөт үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп бере туган болду. Бул  чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Чечим ушул жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Эске сала кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here