Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешип жатат. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.

Оюндун 16-мүнөтүндө тажик футболчусу Жахонгир Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Учурда беттештин 1-таймы аяктап, командалар 15 мүнөттүк эс алууга кетишти.

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга утулуп калган.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга  0:1 эсебинде жеӊилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here