Бүгүн «Замандаш» партиясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрдү. Бул жыйынга министр  Чодуев өзү “чоочуп” келбегени менен, “уйкучу” атка конгон орун басары Керималиев баштаган адистерин жиберген. Алардан тышкары,  Ак үй, көк үйдөн көп атка минерлер келип, айыл чарба тармагындагы көкөй кести көйгөйлөрдү талкууга алышты. Керималиев бул талкууда айтылган айрым сындарга чычалап , кызаӊдаганы менен, кемчиликтерди моюнуна алууга аргасыз болду. ал өз сөзүндө буларга токтолду:

Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен туура жолдо баратат. Анткени биздин базарыбыз чоң. Бирок кээ бир маселелер туура эмес болуп калууда, аларды оңдоого болот. Биз коңшу мамлекеттерди да сыйлашыбыз керек. Дыйкандар жер-жерлерде сертификаттарды алып кетсе, товар артка кайтарылмак эмес. Министирлик буудай өндүрүүдө түшүмдүүлүгү жогору үрөн себүү иштерин улантыларын кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here