Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жалпы режимдеги колонияда кармалат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Асылбек уулу учурда ал №1 тергөө абагында жатат.

Башкы прокурордун орун басары Жогорку сотко сунуштама жиберген. Анда Алматы сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунуш берилген.

Маалыматта: 10 жылдык мөөнөтүн жалпы режимдеги түзөтүүчү колонияда өтөрү, жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тарта эсептелеип, бул чечим акыркы, даттанууга жатпайт деп айтылат. Эми ЖАМК экс -депутатты кайсы түрмөгө которору жакында белгилүү болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here