«Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш мырза  бүгүн Бишкектеги “Орион” мейманканасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрдү. Бул жыйынга министр  Чодуев өзү “чоочуп” келбегени менен, “уйкучу” атка конгон орун басары Керималиев баштаган адистерин жиберген. Алардан тышкары,  Ак үй, көк үйдөн көп атка минерлер келип, адистер айыл чарба тармагындагы көкөй кести көйгөйлөрдү талкууга алышты.

Ал эми Молдокматов айыл чарба тармагынын көйгөйлөрү тууралуу буларды айтты:

Иран, Катар, Кытайга эт экспорттоого болот. Бирок Кыргызстанда алдын ала келишим түзүү боюнча иш жок. Министрлик мындан сырткары, кадр маселесине да маани берүүсү зарыл. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ун азыктарынын баасында коркунуч бар. Өлкөдө өкмөт да, парламент да көйгөй пайда болгондо иштеп калат. Дыйкандардын 90%ы насыяларга байланган. Банктар дыйкан жана фермерлердин эсебинен киреше табууда. Калктын 66%ы айыл жергесинде жашайт. Далай фермерлер насыя алып, бирок чыгымга учурап, мигрант болуп кетүүгө аргасыз болду. Өлкөдө агросектор фермерлердин жардамы менен өнүгүп келе жатат. Министрлик бирдиктүү саясат жүргүзө турган структура болушу керек. Ар бир министрликтин ишин экономикага тийгизген таасири жана ИДПга берген үлүшүнөн карап эле бааласа болот. Айыл чарба тармагындагы маселелер мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Анткени айыл чарба министрлигинин ИДПга кошкон үлүшү жыл өткөн сайын төмөндөп баратат. Мен бул тармактагы 3 көйгөйдү айтайын. Алар: технологиялар, финансылык каражаттар жана сатуу үчүн жаңы рыноктор.

Коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев бул жыйында өзүнү мындай пикирин билдирди:

Айыл чарбанын көйгөйү 5 күн айтылса да түгөнбөйт. Дыйкан, фермер, ветерандардын атынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, аны менен бир күндүк талкуу жүргүзүү керек. Кыргызстанга жүн иштетүүчү фабрикаларды куруу зарыл. Ошондо койлордун саны көбөйөт. Азыр айыл өкмөттөр эч нерсеге жооп бербейт. Ал эми жалгыз Айыл чарба министрлиги эч нерсе кыла албайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here