Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 12 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга эстрадицияланганын Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматта: экс-депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келингени, эми Казакстандын өкүмүн Кыргызстандын өкүмүнө шайкеш келтириш үчүн тиешелүү документтер (переквалификация) Жогорку сотко жөнөтүлгөнү айтылат. Ошондон кийин анын жаза мөөнөтү аныкталат. Асылбек уулу менен кошо дагы эки кыргызстандык экстрадицияланган.

Маалым болгондой экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here