Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин артынан Кыргызстанда далай кызыктуу фактылар ачыкка чыгып жатат. Интерполдун линиясы менен эл аралык издөөдө жүргөн Айэркен Саймаити Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы менен жүргөндүгүнөн коомчулук кабардар. Эркин Сопоков анын ишмердүүлүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө алып, Стамбулга бара жаткандыктарын угуп качып кетти.

Эми дагы бир факт ачыкка чыгып жатат. Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев (фамилиясына чоң атасынын атын алган) Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун консультанты болуп иштеген.

Беспредел KG баракчасында маалымдалгандай Азамат Мамасалиев 2017-жылы УКМКдагы ишинен алынган. Себеби, аны милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармап кетишкен экен. Анын видеосу бар. Бирок, эмнегедир кийин ал окуя чоң адамдардын кийлигишүүсү менен жайгарылып, Азамат Мамасалиев депутат Зулпукаровго консультант болуп орношкону айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here