Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы боюнча жаңы жагдайларды «Үмүт 2020» саясий кыймылы Сопоковдун Саймаити менен байланышын баяндаган видеосун жарыялады. Мындан тышкары, интернет желесине ЖК депутатты Дүйшөн Төрөкулов менен маркум Саймаити менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланды.

Дүйшөн Төрөкулов депутат катары коомчулукка анча таанымал эмес, активдүү депутаттардын катарына кирбейт. Бир топ жыл жеке ишкерлик кылган.

2007-2009 — «Лизарленд» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору,2009-2012 — Баткен бажысынын инспектору, 2012 — Ош бажысынын ага инспектору, 2012 — Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, 2016-жылдан баштап «Ак-Ордо» коомдук бирикмесинин төрагасы;, 2017 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Бир Бол» саясий партиясынан депутат болгон. Түштүк регионалдык эр күрөш федерациясынын төрагасы.

Мындан тышкары, айрым маалыматтарда Саймаити депутат Сулайманов менен да жакшы тааныш болгону айтылды. Азырынча депутаттары бул тууралуу өз пикирлерин билдире элек…

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова баяндаган видеодо ал мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин байланышын социалдык тармактар аркылуу тапкан.

Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасында алгач Эркин Семет деген аккаунтту табышкан. Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганы боюнча маалымат тараткан.

«Үмүт 2020» саясий кыймылы Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасындагы Эркин Семет — Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити болгон деп божомолдойт. Буга далил катары Эркин Семет деген «Инстаграмдагы» катталуучунун баракчасын көрсөтүшкөн. semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөтүн табышкан. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган, ошол эле күнү Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу «Твиттерге» Сопоков жана анын достору менен жолукканын жазган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here