16-ноябрда Кара-Кече кенинде жүк ташуучу автоунаага жол көрсөтөм деп экөөнүн ортосунан чуркап өтүүгө аракет кылган кишинин машиналардын ортосуна кыпчылып, жаракат алган 30 жаштагы жигит ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн. Ал Түгөл-Сай айылынын тургуну. А. «Кыргыз көмүр» ишканасы Кара-Кече кенинде 14төн ашык компания көмүр казарын маалымдап, алар иштеткен «Центральный» кенинде автотранспорттун кезеги сакталарын маалымдады.

Маалыматта: Кен казган жерге көмүр жүктөгөнү кирген автоунаалардын кирип чыгуусун жөнгө салуу тартиби бекитилип, көзмөлдөө пункту коюлган. Ал эми кароолчулар кезектешип иштеп, «Центральный» кенине документи жок кишилердин кирип кетпөөсүн текшерип турат», — деп айтылат.

Окуя боюнча толугураак:

Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургуну Ж.С. өзүнө тиешелүү «КамАЗ» унаасын жана Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.Р. өзүнө таандык «КамАЗ» унаасын айдап, ээрчишип бара жаткан учурда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.у.Байзак аларга жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калган. Аны айдоочулар чаңдан көрбөй калышкан. Кырсыктан кийин жабырлануучуну ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок ал ооруканага жетпей каза болуп калган.
Маркум А.у.Б. үй-бүлөлүү болгон. Артында 3 баласы жана жубайы калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here