Кыргызстандык боксчу Рустамбек уулу Нурадин жаштар арасында (2001-2002-ж.ж) Азия чемпиону болду . Бул боюнча маалымат Азиялык бокс конфедерациясынын расмий баракчасында жарыяланды.

Чемпионат Монголиянын бобору Улан-Батордо 16 өлкөдөн келген спортчунун катышуусунда өткөн.

Рустамбек уулу 69 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Кыргызстандык мушкер Индия жана Ирактан келген атаандаштарын уткандан кийин, финалдык беттеште өзбекстандык Нурислом Исмоиловду жеӊип, жаштар арасында Азия чемпиону аталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here