Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу менен бир унаада кырсыктап, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 20 жаштагы Ырысбек Алибеков да каза болгону маалым болду. Ал кырсыктаган учурда баш сөөгү сынып, мээсине кан толуп кеткен. Ага оор оперция жасалганы менен эсине келген эмес. Маркум К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын студенти болчу.

Эске салак етсек, 11-ноябрдын түнүндө Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаа Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Майра Керим кызынын кичүү уулу Акжолтой, анын келинчеги, алып баруучу,Жоомарт Алмазбеков, дагы бир жигит каза тапкан

Ырысбек Алибеков оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here