Кыргызстан менен Япониянын улуттук курама командалары бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешмекчи.

Бишкекте боло турчу Кыргызстан менен Япониянын футбол беттешинде бир нече көчөдө кыймыл чектеле турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ оюндун билеттери толугу менен сатылып бүткөн.  

Бүгүн саат 14.00дөн тарта төмөнкү жолдор жабылат:Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү — Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейин.

Ошондой эле беттешке кире албай калгандар үчүн эски аянтта чоӊ экранда түз көрсөтүлөт. Ушундан улам Абдумомунов көчөсү Эркиндик проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

ЖКККББнын кызматкерлери аталган аймактарда күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Башкармалыктын маалымат кызматы шаардыктарды жагдайга түшүнүү менен карап, жүрө турчу жолдорду алдын ала ойлонуштуруп алууга чакырат.

Стадиондун каалгасы оюн башталарына эки саат калганда ачылмакчы. Бишкектин аренасы 18 миңден ашык адамга ылайыкталган.

Белгилей кетсек, Япониянын командасы F группасынын лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда турат.

Япониянын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турса, Кыргызстан 94-сапта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here