Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жумушчу топ аталган министрликтин демилгеси менен түзүлүп, ага Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ТИМдин өкүлдөрү кирди. Алар экс-консулдун ишин текшерүү үчүн Стамбул шаарына барышат.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Алардын экөөсү Кыргызстандык деп айтылууда.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here