ИИМ Түркияда киши колдуу болгон Кытайдын Айэркен Саймаити аттуу жараны 1982-жылкы Самятов Эркин Салимович деген ысым менен Кыргызстандын ID-картасын жана чет элдик паспортун мыйзамсыз негизде жасатып алганын билдирди.

Маалыматта: 2019-жылдын июль айында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Мыйзамсыз негизде паспорт берүү») боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы айтылат. Териштирүүнүн натыйжасында Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн А.А. аттуу алдыңкы адисине 330 («Мыйзамсыз негизде паспорт берүү»), 320 («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 359-беренеси («Документти жасалмалоо») боюнча айып тагылган. Иш Жалал-Абад облустук сот органдарына жиберилген.

Мындан сырткары, Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here