Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык мааракесинин алкагында бир катар элчилерге Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангын тапшырды. Алардын арасында аты бар, заты жок, элчи катары эмне иш кылып жатышканы эч белгисиздер да бар. 

Маселен, Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ырчы Ибрагим Жунусов, Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу, «баатыр» наамы бар Алиясбек Алымкулов да бар. Чынында бул эки эрендин эмне эмгек кылып жатканы деле белгисиз. Жунусов ушундан көрө ырдап эле жүрө берсе болмок. Ал эми Алиясбектин тили эле сайраганы менен колунан иш келбеген мажирөө экени эчак эле ачыкталган. Элчилердин кебетеси ушул болсо жыргаган экенбиз дегендей эле кеп…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here