—Ыманалы  мырза, жыл соӊуна акырындык менен жакындап баратабыз. Быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарып жатасыздар да. Жалпысынан алганда жол коопсуздук маселесинде жакшы жылыштар барбы?

—Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын  үчүнчү кварталы же болбосо тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өзүбүздүн кызматыбызды бир сыйра карап көрдүк. Эми биздин кызмат негизинен Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу бирден бир жана ошол эле убакта жол кыймылына жооп бере турган орган катары айта турган болсок, ушул үстүбүздөгү жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу дээрлик жол кырсыктарынын саны көп катталды. Жалпы өлкөнүн аймагында быйылкы катталган жол кырсыктарынын саны 4691ди түздү. Былтыр 4179 болчу.  Же болбосо 12,2 пайызга былтыркыга салыштырмалуу көп. Каза болгондордун саны быйыл 529 кишини түзүп отурат. Былтыр 484 болчу. Каза болгондордун саны да 9,2 пайызга өсүп кетти. Ал эми жаракат алгандардын саны 7265 адамга жетти.  Былтыр 6353 адамды  түзүп, же болбосо 14,3 пайызга жол кырсыктарынын саны көбөйдү.

— “Коопсуз шаар” долбоору киргенден кийин жол кырсыктары бир топ азайып жатат деп жакшылыктан үмүт үзбөй жатпадык беле. Жыйынтык тескерисинче болуп жатканын кандай түшүнсөк болот?

—Бул маселенин бир канча себептери бар да. Эӊ негизги себебине токтоло турган болсок, 2019-жылдан башынан жаӊы кодекс күчүнө кирип,  жол кыймылынын эрежелерин сактоодо тиешелүү чара көрүүдө, андан сырткары жол кырсыктарын каттоо маселесинде дагы олуттуу өзгөрүүлөр болду. Биринчиден айта турган болсок, эгер 2019-жылга чейин жыл кырсыгын каттоо, ошонун  кесепетинен жаракат алгандар, каза болгондор боюнча дагы башкача тартип менен каттоого алынчу.

Биз былтыр Өкмөттүн токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизгенбиз. Мунун негизинде  азыркы күндө эгер жол кырсыгынын кесепетинен бир адам жеӊил жаракат алса дагы, ооруканага кайрылган убакта бул сөзсүз түрдө кылмыштын жана жоруктун бирдиктүү рээстрине каттоого алынып, ошону менен жол кырсыгынан жабыркады деп туруп жалпы статистикалык эсепке кетип жатат. Ал эми 2019-жылга чейин мурунку эрежелердин негизинде эгер адам жеӊил жаракат алган болсо тиешелүү амбулатордук же стационардык ооруканада дарыланбаган болсо ошол эле оорукананын справкасы берилчү. Бирок жаракат алган адам катары статистикалык эсепке кирчү эмес. Ошону дагы биз азыр анализ кылып карап көрдүк. Былтыркы жылы тогуз айдын ичинде жалпысынан 529 ушундай жол кырсыгы эсепке алынган эмес. Ошонун ичинен 811 жаракат алган  киши дагы статистикалык эсепке кирген эмес. Ошого байланыштуу биз дагы былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы өсүп жатат деп айтып жатпайбызбы. Андыктан жол кырсыгынын саны дароо эле өсүп кетти деп түшүнбөшүбүз керек. Демек, айтылган көрсөткүчтөр каттоодогу өзгөчөлүккө байланыштуу экендигин баса белгилеп кетмекчимин.

—Ушул маселени журналисттер биз дагы моюнга алышыбыз керек. Дегеним, мына ушундай маалыматтар коомчулукка кеӊири жетпей жатат…  

—Эми бул боюнча биз деле социалдык тармактарга, телевидение, радиодон тышкары Жогорку Кеӊешке тиешелүү маалымат берип жатабыз. Андан тышкары 2012-жылдан тарта Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырабыз деп бир канча аракет кылып жатып, буга чейин эки жолу өткөрүлгөн конкурс да жокко чыккандыктан иш ушул убакка чейин бүтпөй келген. Быйылкы жылы март айынан баштап камералар ишке киргизилди. А бирок бул жерде айта турчу маселе башка. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 42 жерде камера коюлган. Ошол камералар тууралуу айта турган болсок, эки тарабынан алганда 500 метрден болуп жалпысынын 1 километр жерди көзөмөлгө алган күндө дагы 42 километр жол бул Бишкек шаарындагы жалпы жолдун узундугунун 3,5%ын гана түзөт. Ошон үчүн камера коюлган жер жалпы жолдун 3,5%ын гана көзөмөлдөп жаткан болсо, а калган 96% жолдо мурункудай эле көзөмөл жок болуп жатат да. Ошон үчүн жогорудагыдай маселелер жаралып жатат.

 А бирок өзүбүз үчүн да анализ кылып көрдүк. Коомчулукка да маалымат берип жатабыз. Өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы ошол түздөн-түз камера коюлган жердеги жол кырсыктарын ала турган болсок, борбор калаабыздагы  камера коюлган жердеги жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 45,1%га азайып жатат. Былтыр  камералар коюлган жерде Бишкек шаарында 113 жол кырсыгы болгон экен. Быйыл болгону 62 жол кырсыгы катталды. Ал эми Чүй областынын аймагында дагы  түздөн-түз камера иштеп жаткан жердеги жол кырсыктарын анализ кылып карап көрсөк, ал жакта 50%га жол кырсыгы кыскарып жатат. Ал эми камера коюлбаган жерлерде мурункудай эле көйгөйлөр болуп жатат.Жалпысынан 110 камера иштетилип жаткан болсо, анын 90у стационардык камера, 20сы көчмө аппарат болуп жатат. Ошол 90 стационардык камералар турган жерлерде  биз жол кырсыгынын азайганын байкап жатабыз. Демек, камеранын саны Кыргызстан боюнча көбөйө турган болсо, сөзсүз түрдө бул акырындап  жол кырсыгынын кесепети азая баштайт. Бирок бүгүнкү көрсөткүч ошол камера турган жерлерге гана байланыштуу…

—Айып пулду төлөө маселеси кандай болуп жатат?

—Бул маселе боюнча айта турган болсок, быйылкы жылдын 4-апрелинен баштап биз айып пулду тиешелүү токтом чыгарып жөнөтүп жатабыз. Ошонун эсебинен азыр жалпысынан 800 миӊге жакын токтом чыкты. Анын ичинен  43% айып пул боюнча төлөмдөр кабыл алынды. А жалпы мамлекеттик бюджетке түшкөн акчанын санын айта турган болсок, бүгүнкү күнгө чейин жол эрежесин бузуу боюнча 758928 токтом чыгарылды. Анын ичинде азыркы күндө   333006  токтом боюнча айып пул төлөндү. Же болбосо жалпы чыгарылган токтомдун 44%ын түзүп жатат. Ал эми бюджетке түшкөн акчанын эсеби 400 млн. 544 миӊ 425 сомду түздү. Бирок биз деле айтып жатабыз. “Коопсуз шаар”  долбоорунун негизги максаты бул акча топтоп бюджетти толтуруу эмес. Бул сөзсүз түрдө коопсуздук маселеси. Андан сырткары бул долбоордон түшкөн акчаны Өкмөттүн токтому менен бөлүштүрүү механизми да каралган. Биринчиден сөзсүз түрдө  “Вега” компаниясына мамлекеттик маалымат жана технологиялар комитети тарабынан ар бир өндүрүлгөн акчадан тиешелүү өлчөмдө 217 сом аларга төлөнүп берилет. Андан сырткары  ошол ар бир токтомду чыгарып конвертке салып, анан аны транспорт каражатынын ээсине жеткирип берүү милдети бизде турат. Ал 24 сом 50 тыйын өлчөмүндөгү чыгым болот. Аны дагы бюджеттен биз алып берип жатабыз. Андан кийин калган акчанын 25%ы Бишкек шаарынын жолунун инфракструктурасын жакшыртууга колдонулса,   5%ы  транспорт жана жолдор министрлигине берилип, 15%ы  бизге бөлүнөт.  Бул каражат менен мониторг борборуна түшкөн маалыматты иштеп чыгуу, бир эле эрежелерди бузууларды карап отурбастан, андан сырткары издөөдө жүргөн транспорт каражаттарын жана айып пулду төлөбөгөн транспортторду аныктоо системасын өнүктүрүүгө колдонулат.

—Силерге бөлүнгөн 15% жетиштүүбү?

—2019-жылдын акырына чейин Өкмөт дагы карап туруп бизге аванс катары берген. Себеби бул бизде биринчи жолу ишке ашып жаткан долбоорго байланыштуу.  Ушул жылдын жыйынтыгы менен мэрия дагы, транспорт жана жолдор министрлиги дагы, биз дагы өзүбүздүн алдыга коюлган максаттарды аткарууда канча чыгым кете тургандыгын карап көрүп, анан кийинки жылдын башы менен канча каражат кетерин аныктап алабыз. Бирок негизинен бул система көбөйүшү мүмкүн. Андыктан ошол регламент беш жылга калат деген ой жок. Себеби, Өкмөттө жумушчу топ карап жатканда  аларга дагы ошондой шарт менен берилген.

—Экинчи этап боюнча азыр кандай иш жүрүп жатат?

—Экинчи этап боюнча айтсам,  жалпысынан өзүӊүздөргө белгилүү болгондой Өкмөт тарабынан белгиленген орган бул мамлекеттик маалымат жана технологиялар агенттиги эмеспи. Алар тарабынан конкурс өткөрүлгөн. Конкурстун жыйынтыгы боюнча  кытайлык компания жеӊүүчү болуп табылып, азыркы күндө кытайлык компания менен келишимге кол коюлган. Ошол келишимдин негизинде Кыргызстандын аймагында жалпысынан 306 камера коюлмакчы. Азыр ошол камераларды орнотуп, иштетүү боюнча мамлекеттик комитет кытайлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошол эле убакта биздин адистер дагы алар менен чогуу ошол камера коюла турган буга чейин белгиленген жерлерге барып, алар менен бирге иш алып барууга даярданып жатышат. Мамлекеттик комитет менен кытайлык компания тарабынан бизге белгилүү бир мөөнөт бериле турган болсо ошого жараша иш жүргүзүлөт.

—Машинасына көмүскө номур койгондорго кандай чара көрөсүздөр? Чынында мындай көүнүштөр көп эле болуп жатканы ачыкталууда…

—Бул боюнча биз мамлекеттик каттоо кызматы менен иштешип жатабыз. Андан тышкары өзүбүздүн деӊгээлде машиналарга жабдык койдук. Патрулдук милиция азыр Бишкек шаарында ишке киришти. Машинага орнотулган камера аркылуу алдыда кетип бараткан машина планшеттен эле киргизилип туруп, тагылган номердин ошол машинага туура келер-келбеси аныкталат. Буга чейин биз туура эмес номерди тагып жүргөн 50дөн ашык транспорт каражатын кармап ээлерине чара көрдүк. Бирок азыркы күндө көрүлүп жаткан чара жетишсиз экендигин моюнга алып туруп, мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирүү боюнча  азыр Өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн.

—Айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам учурда  каралып жатат. Качан ишке ашып, элдин талабы аткарылат?

—Жалпысынан 8 жол эрежеси боюнча айып пулду 3 миӊ сомдон 1000 сомго чейин азайтуу боюнча сунушту парламент депутаттары менен өкмөт да сунуш кылган. Бул эки сунушту бириктирип каралып, бир мыйзам болуп иштелип чыгат. Депутаттар сунуштаган 1- окуудан өттү. Өкмөттүн мыйзам долбоору парламентте каралса, айырмалары такталып, шайкеш келтирип иштелип чыкса, парламентте экинчи жана үчүнчү окууда  бир мыйзам катары каралышы мүмкүн. Андан кийин президент кол койсо, мыйзам жаӊы жылга жылга чейин күчүнө кирип калышы мүмкүн. Жаӊы мыйзам күчүнө кирсе, ал артка иштебейт. Бул маселени айдоочулар эске алышы керек. Жогоруда айттым, буга чейин 300 миӊден ашуун айдоочу  мыйзамды сыйлап айып пул төлөштү, дагы 300 миӊдей айдоочу айып пул төлөй элек. Анын баары жаӊы мыйзам күчүнө кирсе,  айып пулду азыраак өлчөмдө төлөйбүз деп ойлошот. Мыйзам боюнча андай болбойт. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек.

   Суроо салган  Нуркемел  ИСАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here