О атаганат, ыймандуу кыргыз элинин көп элде жок ыйык сапаттары бар го–жакшылыгы төгүлүп-чачылган, ырысы батпай куюлуп турган… Ошондой сапаттардын бири -карыны сыйлоо! Ой-о-ой, карысын биздин элдей сыйлаган бир да эл жок, карысын «балапан» кылып төбөсүнө көтөрүп багат, кары киши төргө олтурат, биринчи кары сүйлөйт, биринчи кары киши табакка кол салат, устукандын жакшысы карыныкы… «Карысы бардын ырысы бар», «Жаш келсе-ишке, кары келсе-ашка», «Карынын кебин капка сал»… сыяктуу карыларды сыйлап турган, урматтап турган, улуулугун сезип турган… макал-лакаптар толо… Ошол макал-лакаптардын баары мурунку карыларга арналган болуш керек. Эми ошол макал-лакаптарга төп келген карыларыбыз калбай баратат, калса, бирин-серин гана…

          Биз бала кезде уй тоскону төш тарапка барчу элек. Ал жерде уюн тосуп алчу карылдардан беш-алтоо болуп олтурчу. Шыбактан үзүп алып жыттап, анан ыйманы куюлган, ырысы куюлган, жакшылыктын илеби уруп турган кептен айтып, бизге жомоктогу акылы арткан чалдардай көрүнчү… Алар чын эле жомоктогудай болчу. Баарынын баскан жолу аппак эле да, өмүр жолунда кенедей да жаман жолду баспаган, сыдыргыга салгандай бир кылка ыймандуу карылар эле да сакалы аппак… Жомок болду да кетишти… Азыркы чалдардай кантип болсун?!

          Ооба, ар мезгилдин өз-өз карылары болгон. Кошой сыяктуу ары баатыр, ары акылы арткан, Тейитбек сындуу кара мүртөз, өз баласына өлүм каалаган какбаш, согушта курман болгон жалгыз уулунан калган небересинин өмүрүн тилеген Акылбек, күйөө баласынан кордук көрчү Момун чал… сындуу карыялар болгон. Албетте, булардын баары адабий каармандар. Анткен менен баары кара турмуштан «сузуп» алынган образ-каармандар да. Жогоруда саналган каармандар- аксакалдар ар бир коомдо жашап келген да, азыр да жашап жатканы…

          Азыркы турмушубузда Кошой өӊдүү акылы арткан айкөлдөр да, баласына өлүм тилеген Тейитбектей куужумалдар да, күйөө баласынан кордук тарткан Момун чалдар да, уулунан айрылып муӊга баткан Акылбектер да бар… Ал эми өмүр бою чоӊ кызматтарда иштеп, өмүр бою жеп-ичип, өмүр бою жыргап келип, эми эс алууга чыгып элге акыл айтып, китеп жазып, чогулуштарда, салтанаттарда сүйлөп, «мыкты  карыганга» «кам уруп» турган накта «какбаш чалдар» аябай эле арбын. Кыргыз адабиятынан ошолордой адабий каармандарды табууга кам урдум эле… бирок, таптакыр таппадым, алардай «какбаштар» жок экен?! Алар азыркы турмушка батпай тыгылышып алыптыр! Мурун мындайлар жок болгондуктан, көркөм чыгармаларга каарман боло албаптыр да…

          Бүгүнкү турмушта ошондой чалдарды санасаӊ, санап бүтө албайсыӊ, анткени, алар аябагандай көп, четинен чертип көрсөтө бер. Бир азын санап коёлу: Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Чынгышев, Жумагул Сааданбеков, Үсён Сыдыков, Кубанычбек Жумалиев, Накен Касиев, дагы толуп жатат бул сындуулар…  

          Жогоруда аталгандардын баардыгы өз учурунда чоӊ-чоӊ кызматтарда иштеп, жакшы машиналарда чалкалап, эл кыдырып, казы-карта, чучугун  баш кылып тамактын мыктысын жеп, ичкиликтин кымбатынан ичип, жер-жердеги кошоматчылырынан «аксакал» деген эӊкейе берип айтылган кепти угуп, кечинде жумуштан «чарчаган» болуп үйүнө келип «кулап»… сөз кыскасы иштегени- «жыргалы» болуп жүргөн немелер. Анан булар «апетитин араандай ачып», өмүр бою элдин ырыскысынан жеп келишти. «Тойдум» деп баш чайкап көрбөгөн күндү басышты! Антсе да «жарылган» жок, «апетиттери» эмдигиче аӊырайып ачык бойдон?! Албетте, буларда да түйшүк, санаа болгон, ал- кызматтан дагы кантип чоӊоюш керек, дагы кантип  көбүрөк байыш керек, ушул кызматыман айрылып калбагай элем» деп ?! Болгон-толгон «санаасы» ушул! Анан да «эл үчүн кызмат кылып жатам» дегени басса-турсап айтылып атып, тамтыгы кетип «жыртылып» да бүткөн! Бирок, элинин эч нерсесине чын дилден күйгөн эмес!

Саналгандардын эӊ куусу Апас Жукмагулов. Бул адам «укмуштуудай» жаралган адам экен. Эмне ойлогонун эч ким билбейт, эмне кылып жатканын ого бетер билбейт, иштеп жаткансып баш көтөрбөй «түйшүктө» болот, «эл  түйшүгүндө» болгондой… Анан элдикинен алганын убагында байкатпайт, кийин-кийин гана байкап каласыӊ… Эгемендүү Кыргызстанда алгачкылардан жей баштаган ушул киши болгон деп айтышат. «Айчүрөк» универмагын аялына приватташтырып берген да ушул киши экен?! Бул приватташтыруунун-талоонун алгачкыларынан экен- ошол иштин «Колумбу» тура!

          Майрам Акаева Жумагуловдун «жакшы» жеп-иче баштаганын байкап, күйөөсү Аскарга айткан тура: «Ай, тиги Жумагуловду карачы, байлыктын баарын колуна алмай болду, сен талаада калмай болдуӊ! Давай, бирдеме кылбайсыӊбы?!» -деп. Акаев ошондон кийин Майрамдын жетекчилиги менен ала баштаган экен… Эми Жумагуловдун жеп-ичкендерин эсептеп чыгыш аябагандай кыйын иш?! Ал жагынан алдына адам салган эмес деп койсок болот!

          Дагы бир очойто жегендерден атай кетсек, анда сөзсүз Феликс Куловдун аты эске келет! Бул киши жашырып-жаппай эле каалаганча, жарылганча жеген да! Иштебей калган завод-фабрикалардын станокторун… вертолётторду… саткан. Чыныгы баскан жолу туура баасын албай, ал бир ирет «темир генерал» деген мактоо аныктамасына да ээ болгон?! А чынында «темир» эмес, «жыгач» да эмес, кандайдыр бир «ыпыр-сыпыр» болгон генерал да, элин ченебей жеген!

          Шеримкулов, Чынгышев, Сааданбеков, Касиев, Сыдыков, Жумалиев … сыяктуулардын бири азырак жесе, экинчиси көп жеген, иши кылып «жакшы» жешкен! Маселе анда эмес, маселе – ошончо жеп, элин эл деп санабаган кылыктарды кылып, эми болсо, ар кимиси китептерди жазып, «жогорку материядан» кеп козгоп элге акыл айтып, өздөрүн кыйындардын катарынан көрүп тургусу келет да?! Жок, алар кыйын эмес, алар элдин байлыгынан өлчөөсүз жеген, элге жек көрүндү болуп бүткөн немелер! Алардын жазган китептери менен сүйлөгөн сөздөрүнүн баары калп, жүзүкаралык менен жаман жолдорун жакшыга айландыргысы келип жан үрөп турган немелер! Алар канча аракет кылбасын, тарыхта өз элинин байлыгына аёосуз кол салган «жексур» немелер катары калат! Азыр эл деген келесоо эмес, баарын билип турат!

                                                                                     Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here