Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Маалым болгондой Айеркен Саймаити Стамбулдан атып өлтүрүп кетишкен. Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыкканы айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги  машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын билдирген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here