Көк-Жар айылдык кеңеши 2018-жылы эле  мурунку министр, Бакиевдин ишенимдүү  “солдаты” Молдомуса Конгантиевге Көк-Жар аймагында жайгашкан “Полиция шаарчасынан”  бир көчөнүн атын бергени жакында эле элге кеӊири тараган. Бул көрүнүш коомчулукта катуу талкууга алынып, көп сындар  айтылган соӊ, айылдык кеӊеш Конгантиевге көчөнүн атын берүү боюнча чыгарган токтомду кайра жокко чыгарууга аргасыз болду. Азыр ал көчөнүн аты Мурас деп өзгөртүлдү. Конгантиев болсо бул маселеден уялбай турганын,  каршы эмес экенин айтып, бир топ эдиреӊдеп алган…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here