Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматта: ал учурда Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарыланып жатканы айтылат. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов буга чейин «Эрдик» медалы менен сыйланган. Бүгүн, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвада Самат Курманкуловдон кабар алып, ага сыйлыгын тапшырды.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болуп, коомага түшүп, ага бир нече операция жасалган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here