Төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу Балыкчы — Кочкор автоунаа жолундагы кырсыктан каза болду. Кырсыкка учураган машиненин ичинде бараткан беш киши автокырсыкка кабылып, төртөө көз жумду. Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кочкордогу ооруканада эсине келе албай жатканы кабарланган. Акжол Канат уулунун жанында жубайы да болгон. Машинени кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Баштапкы маалыматка ылайык, машине жаӊы жааган каарга тайгаланып, айдоочу машинени башкара алабй, көмүр ташып келатка оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Алар 10-ноябрда Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылында түшүм майрамы менен биргеликте «Айылды өнүктүрүү» аталышындагы марафонго катышкан.

Акжолтой Канатбек уулу акыркы жолу сахнада …

Иш-чарага маркумдардан тышкары Ак-Сай айылынан чыккан белгилүү инсандар, ырчылар, актёрлор, жеке ишкерлер жана айыл тургундары катышкан.

Тондогу иш-чара…

Концерттик программа саат 19:00дө башталып, саат 22:00гө чейин уланган. Келген коноктор Ак-Сай айылында конок болуп, Кочкорго тойго жөнөп кетишкени айтылууда.

Акжолтой Канат уулу таанымал төкмө акын маркум Майра Керим кызынын уулу болчу. Ырчы катары бир нече республикалык айтыштарга катышып алдыңкы орундарга ээ болуп жүргөн. Акындын үйлөнгөнүнө эки гана ай болгон. Быйыл ал 26 жашка чыккан.  Анын апасы, айтылуу төкмө акын Майра Керим кызы 2009-жылы 48 жашында каза тапкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here