Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактап жатканын министрликтин маалымат департаменти кабарлады. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу учурда бул иш менен алектенүүдө.

САЙМАТИ

РАИММИЛЛИАРДдын коррупциялык схемасынын изи аркылуу коомчулукка аты угулган еке ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбул шаарында кафеде олтурган жеринен атып кетишкен. Кылмыштуу окуя болгон болгон жердин жанында анын автоунаасы табылганы жана унаага консулдуктардын бирине таандык делген жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыкты.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган. Ал РАИММИЛЛИАРДдын атасы «Исмаил ата» фондуна миллиондорду которуп келгени аныкталган.

Саймаити, анын аялы жана Саймаити көзөмөлдөгөн «Абдыраз» фирмасы аркылуу 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени документтер менен көрсөтүлгөн.

Бул кытайлык ишкер аялы Вуфули Бумаилиаму менен Түркиядан Кыргызстанга, Оштогу банктардын бирине, Русланбек Матраимов ээлик кылган Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна үч жылда 2 338 700 доллар которгону тууралуу документтер көрсөтүлгөн. Бирок Руслан Матраимов бул кытайлык жубайларды «тааныбайм» деп жооп берген. 37 жаштагы Айеркен Саймаити, аялы Вуфули Бумаилиаму да уйгур улутундагы кытай жарандары. Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here