Акыркы убактарда ката жазуу абдан модага айланып кеткенин жакшы билебиз. Кайсыл тарапты караба ката, жаӊылыштьк аз эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылууларынын порталы болгон өкмөттүн расмий сайты өкмөт жетекчиликтеринин аты-жөндөрүн чоӊ саясый ката менен жазып коюшкан.

Аталган сайт “Өкмөттүн жетекчилиги” бөлүмүндө социалдык тармакты тейлеген вице – Алтынай Өмүрбекованы “премьер-министр” деп жазган. Союз учурунда мындай саясый ката үчүн аз болду дегенде кызматтан алып, кесин таанытмак. Бул маалымат ЖМКларга тарап кеткен соӊ, өкмөт жанталашып, Өмүрбекованы кайра «вице-премьер- министр» деп жазып, катасын «катты». Негизи эле Абылгазиевдин абалы да оор. Өкмөттү такыр тарата албай койду. Чынында Өмүрбекова өзүнө тагылган милдетти кыйла эркектерге караганда так аткарып келатат. Кандай кызмат болсо да эл колдой турган татыктуу кадрга айланып жатканын мезгил өзү тастыктап жатат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here