УКМК ыкчам тергөө ишинин негизинде 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарынын соту менен Кара-Көл ШИИБинин начальнигинин орун басары, милициянын капитаны колго түшүрдү.  Эки эрен пара алып жаткан учурда кармалышкан.

Маалыматта: 1-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылганы, анда жабырлануучу Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкери аталган шаардын соту менен сүйлөшүп алып кылмыш ишин оңунан чечип берем деп 100 миң сом талап кылып жаткандыгы айтылат.

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери биргеликте 30-октябрда ыкчам тергөө ишин жүргүзүп, 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарынын соту Ы.П. менен Кара-Көл ШИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын Б.М. аттуу капитанын колго түшүрдү. Алар буга чейин арыздануучудан 30 миң сом алган. Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here