—Сиз башынан эле маданияттын кишиси, маданияттын чоӊ күйөрманы  болгонуӊуздан уламбы, же башка себептерденби, айтор кийинки парламенттик шайлоого катышпай турганыӊызды айтып келатасыз. Бул оюӊуздан  айныган жоксузбу?

—Айныган жокмун. Катышпайм деп айтып келем, азыр да айтам.  Саясатка кирүү, ар бир саясатчынын максатына жараша болот. Кээ бирлери саясатта лидер болсом, премьер, спикер болсом деп тилешет. Менде андай тилек жок да. Менин көкүрөгүмдө маданиятты өнүктүрүү деген тилек күйүп-жанып турат. Муну маданият тармагында 20 жылдан бери жасаган аздыр-көптүр эмгектерим тастыктап турат.  Мына ошол көкүрөктөгү тилектин өтөсүнө чыгып, ушул багытта кара жанымды карч уруп иштесем мамлекетке көбүрөөк пайда келтирем деген ойдомун.

—Демек, саясатка аралашып алганыӊызды жаӊылыштык деп эсептейсизби?

—Жаӊылыштык деп деле айта албайм. Маданият ж.б. тармактар боюнча кээ бир маселелерди айтып, алардын чечилип калышына бир аз болсо да салымыбызды кошуп жатабыз. Бирок маданият багытын өстүрөм десеӊ оппозиция тараптан депутат болгон өтө кыйын экен. Себеби, сен жакшысыӊбы, жамансыӊбы, бийлик үчүн баарыбир оппозициясыӊ да. Ал эми позиция багытындагы депутаттарга мен чынында суктанам. Канткен менен алар бир команда да, алардын сунушу колдоого алынып, акырындан болсо да  алар айткан маселелер чечилет. Биздин айткандарыбыз көп учурда эске алынбай калып жатпайбы.

—Кийинки шайлоо жаӊы мыйзам боюнча 9 пайыз эреже менен өтө турган болбодубу. Сиз эми алдыдагы шайлоого катышпай тургандан кийин балким бул маселе менен  башыӊызды анчалык катуу  ооруткан жоксуз. Ошондой болсо да коомчулукта бул маселе катуу талкууга, катуу сынга алынып жатканын жакшы билесиз. Кандай ойдосуз? Деги эле 9 пайыз босогону колдойсузбу?

—Мен бул 9 пайыздык босогону колдойт элем. Себеп дегенде стратегиялык багыт деп мамлекетти ойлосок колдошубуз керек. Биз баарын башыбыздан өткөрүп жатабыз. Бир кезде бир округдан шайланып келген шайлоо системасын да көргөнбүз. Ар бир шайлоого катышкан талапкерлердин  аша чапкан амбициясынан улам айрым учурларда шайлоо өтпөй калган мезгилдер да болгон. Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы биз шайлоо системасын колдон келишинче оӊдоп, партияларды ж.б.  ушул багыттагы маселелерди да ирилетишибиз керек. Коомчулук деле 9 пайыздык эрежени жөндүү эле сындап жатат. Чынында  шайлоодо акча, тааныштык, жогорку бийликтен колдоо деген көрүнүштөрдү абдан эле өөрчүтүп алдык да. Бирок бул маселе дагы элдин аӊ –сезимине жараша болот. Эл өзүнүн короосунан кочкор салбай, трайбалисттик оорулардан арылып, чыныгы татыктууларды тандаганда гана оӊолуу болот. Жогоруда бир мандаттуу шайлоо да болбой турганын айттык. Негизи мен тамашалап айтып келем. Кыргызга  кырк уруу арасында эле шайлоо уюштуруп койсо… Ошондо жок дегенде бир партиядан бир партияга өтө качуу көрүнүшү токтойт эле. 

—Буга чейин айтыш өнөрүн, кинону өнүктүрүүгө салым коштуӊуз. Адабиятты да өнүктүрөм деп айттыӊыз эле. Бул ишти качан колго аласыз?

—Бул маселе  боюнча улам тийди-качты болуп баягы бул багытта биз ит уруш салып жатабыз да. Бул дагы бир күрөштүн катарына кирет. Согуш десек да болот. Дээрлик күн сайын адабият темасында Олжобай Шакир менен олтуруп сүйлөшөшөбүз.  Пландарды түзөбүз. Бирок бул жерде эӊ негизгиси кинодо дагы, айтышта дагы ошол тармак өсүп кетсе экен деп жан дили менен ойлонгон топ бар эле. Мына, айтышты билесиӊ. Ошол эле Ашыкем, Тууганбай, Эстеке баш болуп балдарды тарбиялабадыбы. Кинодо да ошол көрүнүш болду.  Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Нурлан Абдыкадыровдор кино тармагынын өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошушту.  Ал эми жазуучулар эмне болду? Өзүлөрүнүн башы бирикпей жатпайбы. Булардын арасында ушинтип ойлонуп, ушундай кылалы деген топ жок. Адабиятты көтөрүү кыйла оор. Түшүнүп жатасызбы? Демек, алар өзүлөрүнүн өнөрүнө күйбөсө кандай болот? Ошондой болсо да аракеттерибизди кыла беришибиз керек. Аракет кылсак, анын натыйжасы болот.

-Жолдорун айтсыӊыз?

-Эми бул тармакты өнүктүрүүнүн эки жолу бар. Мунун биринчиси- уюштуруу жагы менен аябай берилип алып чыгуу. Экинчиси-ага абдан чоӊ каражат кетет. Бир кезде мен мүмкүн жаштыгымданбы, же энергиямданбы, айтор анда оӊой бүтчү эле. А азыр болсо көптөгөн коомдук иштер менен алек болондуктан убакыт тартыш болуп жатат. Айтыш фонду тарабынан кино тармагындагы “Кыргызстан кыска метраждуу кинолордун өлкөсү” “Азия фильм”  сыяктуу фестивалдарды өткөргөндөн тышкары,   театрлардын эл аралык сыйлыгын уюштуруп жатабыз. Анан  дагы жаӊы багытка жумшаганга чынын айтканда каражат деле калбай калат экен. Андыктан адабият тармагында жеке аракетиӊ менен өзүӊдү көрсөтүп чыгышыӊ керек. Ал үчүн отуруп китеп жазып, анан ошол китепти 10 миӊ нуска менен сатып түгөтүп өзүӊдүн ишмердүүлүгүӊдү далилдеген  соӊ жазуучуларга кайрылып, мурунку заман өтүп, башка заман келгенин түшүндүрүшүӊ керек. Жазуучулар болсо азыр бөлөк заман келгенин билбегендиктен өз көмөчүнө күл тартышат. Жаӊылык эмне экенин түшүнүшпөйт. Ошон үчүн жазуучуларды китептерин электрондук вариантта сатканга психологиялык жактан даярдаган натыйжалуу болот. Ал эми жаштар болсо китепти интернеттен окуганга көнүп калды. А мен өзүм акыркы он жылдан бери китеп бетин барактай элекмин. Баардык китептерди электрондук форматта окуп калдым. Мага ошол ыӊгайлуу.

—Бирок китепти барактап окуган менен электрондук варианттын айырмасы бар да…

—Жок, тескерисинче мага электрондук вариант жеӊил экен. Мен азыр сизге көрсөтөм. Мына, кааласаӊыз тамгаларды чоӊойтуп алып окуйсуз. Кааласаӊыз телефондон програма өзү окуп берет.  Андыктан жаӊы китептерди окуса болот экен. Анткени чет элдик азыркы классиктер оӊоюраак жазышат экен. Ушул сыяктуу жаӊы багытка биздин жазуучулар көнө элек…

-Телефондон дүйнөлүк классикаларды англис тилинде окуп жатасызбы?

-Ооба. Англис тилинде окуп көнүп жатам. Жеӊилирээк жазылгандарын оӊой түшүнөм. Стили оор жазылгандар бир аз кыйынчылыктар жаралат. Мисалы, Хемунгейдики жеӊил. Джек Лондондун чыгармалыр оор…

—Маданият министринин кандай иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат жок. Жаштык кылып жатабы, же  тажрыйбасы аздык кылып жаткандыр… Сиз бул тууралуу эмне демекчисиз?

—Менин айтарым, азыр ким барбасын министрге ушундан артык иш алып бара албайт го. Ал үчүн аталган тармакка ушунчалык баатыр адам барышы керек.  Бирок ал бул тармакты оӊдойт же болбосо алты айдан кийин аны иштен кубалап чыгышат. Мисалы, мен министр болсом алты ай эле иштей алмак болушум керек деп ойлойм.  Себеби бул жактагы көйгөйдүн чечилиши бир эле маданият министринен көз каранды эмес.  Маданият тармагынын көпчүлүк өкүлдөрү жашоосун бекер акча алганга ылайыктап, ошону менен баягы союздун эски чириген системасы менен тынч отурганга көнүп калышкан. Кино тармагын алсак булар айлык албаса да, жумуштарына карышкырдай болуп жулунуп чуркап тирилик кылышат. Ал эми театр тармагында жулунуп эмне кереги бар?! Сен маяна алып жаткандан кийин тынч отурганыӊ жакшы да! А тынч олтурган жерде кайдан өсүш болот?! Ал системаны бузуу чоӊ реформатордун гана колунан келет. Саясый чечим да керек. Бирок саясый чечим маданиятка жеткенде бери жагы 50 жыл керек го. Себеби, биз саясый чечимди социалдык маселеде колдоно албай, элге чындыкты айткандан коркуп жатабыз.   

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here