—Нурлан мырза, алгач окурмандарга өзүӊүз тууралуу учкай  айтып берсеӊиз?

—Мен  мурунку  “Себат”, азыркы “Сапатта” 2002-жылдан бери эмгектенип келатам. Алгач англис  тилинен мугалим болуп иштедим. 2005-жылы эл аралык   SilkRoad мектебинде  директордун окуу, тарбия иштери  боюнча орун басары, 2007-2010-жылдары  Жалал-Абад  кыздар лицейинин мүдүрү  болуп иштедим. Андан кийин борбордук аппаратта башкармалыктын жетекчиси, акыркы үч жылдан бери “Сапатты” жетектеп жатам. Бул эл аралык мектеп Кыргызстанда 1992-жылы ачылган.  Баса белгилеп айтсак, ал жылдары союз урагандан кийин  Кыргызстандын билим берүү тармагы да бир топ кыйынчылыкка учурап баштаган мезгил болчу. Мына ошол кыйынчылык тереӊдеп кетпесин деген негизде “Себаттын” мектептери ачылып, биздин мамлекеттин билим берүү тармагына салынган  алгачкы инвестиция болуп калган. Андан бери биздин билим берүү мекемебиз эл аралык деӊгээлге өсүп чыкты. Буга биздин билим берүүбүз, жетишкен ийгиликтерибиз далил болуп  турат.

—“Сапат” тууралуу негизги маалыматтарды айтсаӊыз?

—Жалпы маалымат айтайын. Бизде 22 мектеп, 16 жатак мектеп бар. Ал жерде балдар, кыздарыбыз өз  өзүнчө тарбияланып, окушат. 8 башталгыч мектеп, эки эл аралык мектеп жана “Ала-Тоо” университети бар. Жалпы жамаатыбыз 2500дөй, анын жарымы техникалык   багыттагы кесиптештер болсо, жарымы мугалимдер. Чет мамлекеттерден келген мугалимдерибиздин саны 200дөй. Биз бул жагына акыркы жылдары басым жасап жатабыз . Себеби, жыйынтык жакшы болот экен. Мугалимдерибизге мүмкүн болушунча шарт түзүп бергенбиз. Союз мезгилиндегидей ыкманы колдоп колдонуп келатабыз. Мисалы, 3-4 жылдык мөөнөт менен нарындык мугалимдерибизди Оштогу мектептерге, Оштогу мугалимдерди Нарынга, же Чүйгө дегендей.  Бул ыкманын да өзгөчө артыкчылыктары бар. Мугалимдерибиздин орточо айлыгы 20-30 миӊ сомду түзөт.

Бизде жалпысынан 11 миӊдей бала билим алат. Жалпы бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны 20 миӊге чукул. Жыл сайын бизден 700дөн миӊге чейин бала бүтөт.  Ошонун 50 пайызы чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырышат. Анын ичинен 400-500гө жакыны дүйнөнүн эӊ мыкты окуу жайларына өтөт.

—Сиздер  “Сапатка” ар бир эле окуучуну ала бербейсиздер да. Каалоочуларга кандай талап коюлган?

—Башталгыч класстарга катуу талаптар, же сынактар  деле жок. Бирок жатак мектебибизге, тагыраагы 6-класка кабыл алууда республика боюнча сынак алабыз. “Сапатка” тапшырам деген каалоочулар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мисалы, былтыр экзаменге катышкан балдардын саны 65 миӊге жетти. Биз алардын ичинен 1500 баланы тандап алдык. Мындан 15-20  жыл мурун  биздин билим берүү мектептерибиз бекер болчу да. Ошол кезде да сынакка катышкандар абдан көп болгон. Ал учурда биз күчтүүлөрдүн күчтүүсүн тандап алчубуз. Кийин биз  билим берүүнү контракттык негизде  кылып койбодукпу. Жогоруда айттым, былтыр 65 миӊ бала сынакка катышканын. Бирок алардын баары эле контракты төлөй алышпайт. Ошондуктан биз сынакта: өзүнүн мүмкүнчүлүгү, деӊгээли жогору, экинчиси жетишерлик жөндөмү бар контракты төлөй ала турган балдарды тандайбыз.

—Контрагыӊар арзан эмес да. Бир жылга 3000 доллардан кем эмес болсо, карапайым адамдар балдарын окутканга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт да…

—Негизисапат маселесине келгенде арзан жана бекер болбойт. Эгер арзан болсо анын сапатына күмөн саноо менен караш керек болуп калат. Мына ушундан улам биздин “Сапат” чыныгы сапатка жооп берет деп айтсак болот. Биз билим берүүдө жеке менчик сапаттуу билим берүү мектептерин ачтык. Балардын билими, келечеги кеӊ болсун десек, келечек үчүн кам көрүп, акча төлөш керек деген түшүнүк азыр баарыбызда калыптанган. Балаӊыз мыкты окуса,  окууда лидер болсо анда ал акча төлөбөй эле бекер окуйт. Бизди көрүп Кыргызстанда  “Билимкана” ж.б. мектептер ачылды. Биздин өлкөдө мамлекеттик  мектептердей эле миӊдеген жеке менчик мектептер ачылганы жакшы. Себеби, коомчулукта тандап алуу мүмкүнчүлүгү кеӊири болгону эч качан ашыкча болбойт.

—“Сапатты” такыр эле түрктөрдүкү, ошондон улам балдарга  Түркиянын билим берүү системасы менен билим берилет деген түшүнүк коомчулукта байма-бай айтылып келет. Бул жагынан түшүндүрмө берсеӊиз?

—Негизи ал түшүнүк туура эмес. Себеби, биздин  билим берүү мекемелерибизде балдарыбыз Кыргызстандын башка мектептериндей эле  окуу программасы менен  окушат. Албетте, бир катар өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, физика, математика, информатика, биология сыяктуу  так илимдердеги сабактарыбызды англис тилинде өтөбүз. Түркиянын деле өзүнүн билим берүү модели жок. Баары  эл аралык стандартка ылыйкташкан. Дагы  өзгөчөлүктөрүн айта турган болсок  биздин мекемебиз эл аралык аккредитациялардан (мурун лиценция деп айтылып келген) өтүп турат. Бизди мындай  аккредитациядан өткөргөн дүйнөгө белгилүү, абдан абройлу окуу жайлар:  материалдык – техникалык база, кадрдык курам, окуу программалар айтор баардыгын ийне-жибине чейин текшерип чыгып, талапка ылайык жооп берсе лицензия берилет. Жакында биз Оштогу “Сема” балдар лицейбизди Кембрдж университетинин аккредитациясынан өткөрдүк. Бул биздин биринчи кадам болуп калды. Буйруса, мындан ары да бул  багыттагы ишибизди күчөтөбүз. Бул аккередитация негизи милдеттүү деле эмес. Болгону окуу жайдын имиджин көтөрүү масатында, билим берүү мекемеси чын эле эл аралык деӊгээл, эл аралык стандарт деген сөзгө татыктуу экенин тастыктоо үчүн жасалган аракеттердин бири…

    Маектешкен, Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here