Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аптанын башында өлкөдө күндүн көзү бузулуп, кар жаай турганын кабарлады. Кыргызстанда 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Ал эми 5-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болору айтылат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1 сууктан…4 градуска чейин жылыйт. Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 суук болушу күтүлөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here