Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалымат боюнча мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта 31-октябрда финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен беттешип, аны 5-3 эсебинде жеңип алды.

Жолдошбеков дүйнө чемпионатында баш-аягы беш беттеш өткөрдү. Ал таймаштарын 30-октябрда баштаган. Алгачкы беттешинде түркиялык Селефатин Сертти, 1/8 финалда украиналык Валентин Белицескийди, чейрек финалда казак балбаны Даулет Тажибайды утту. Жарым финалда жапон балбаны Ритаро Хяманы 12:1 эсебинде жеӊген.

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медаль тагынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here