Бүгүндөн тарта Бишкекте Кайгуул милициясы расмий түрдө ишке киришти. Бул туурасында Жол коопсуздугу боюнча ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов журналисттерге билдирди. Эске сала кетсек, 2016-жылы Жол кайгуул кызматы менен Патрулдук-кайгуул кызматы бириктирилип Кайгуул милиция башкармалыгы болуп түзүлгөн. Бирок көп өтпөй эле ал кайра ажырап Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп өзгөргөн.

Жаңы кызматтын функциялары: Кайгуул милициясы азыр иштеп жаткан ЖКККББнын жана коомдук тартипти караган Кайгуул күзөт кызматынын ишин аткарат. Негизги жумушу — белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек. Эми автоинспекторлор планшети менен жеринде эле унаа тууралуу маалыматты текшерет. Алардын маянасы да эки эсе жогорулады. Мисалы, мурун катардагы кызматкерлер 11-12 миң сом алса, эми 21-22 миң сом, офицерлерге андан көбүрөөк берилет.

Жаңы кызматка келгендердин болжол менен 30 пайызы жай тургундардын арасынан тандалып алынды. Бардык кызматкерлер, анын ичинде мурда иштеп жүргөндөр да үч айлык окуудан өттү. Алар жарандарга сылык кайрылуу, дене тарбия, оор кырдаалдарда өзүн алып жүрүү жана жаңы техникалык каражаттар менен иштөөнү үйрөнүштү.

Аталган башкармалыкка быйыл жайдан бери кызматкерлерди тандоо аркылуу кабыл ала баштаган. Тандоонун эки этабы бүтүп, үчүнчүсү жарыяланды.

Азыр Биринчи Май району, Свердлов районунун бир бөлүгү камтылган, жыл аягына чейин шаардын бүт аймагын Кайгуул милициясы көзөмөлдөй баштайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here