Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм бүгүн 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады

Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. Журналисттерге кыска комментарий берип өкүмгө макул эместигин, адвокаты кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.

Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурат. Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. Ал эми мамлекеттик айыптоочу Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here